Оң рулдуу унааны такси катары айдоого тыюу салган токтом долбоору талкууга коюлду

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинети оң рулдуу автоунааларда такси кызматын көрсөтүүгө жана жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарды.

Расмий түшүндүрмөдө бул кырсыктардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатындагы чара экени айтылат.

2013-жылы кабыл алынган «Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизилип, 19-февралдан 18-мартка чейин коомдук талкууга чыгарылды.

Былтыр Ички иштер министрлиги (ИИМ) оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдалангандарга 3 миң сом айыппул салууну караган токтом долбоорун иштеп чыккан. Анын негиздемесинде оң рулдуу таксилерге тыюу салынганы менен, аларга жаза каралбаганы белгиленген. Ал токтом кабыл алына элек.

ИИМдин буга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаанын ээси жүргүнчү ташыйт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет.

Кыргызстанда оң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу мыйзамын парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Ага ылайык, документ 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Ортодо мыйзамды ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты