“Оң рулдуу унаалар көйгөйү жыйналып жатат. Бир күнү жарылат”. Депутаттар маселе көтөрдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында оң рулдуу машиналар көйгөйү дагы бир жолу көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев абхаз жана армян номурлуу унаалардын көйгөйү тууралуу буларды билдирди:

-Бир топ эле депутаттарга абхаз жана армян номурлуу автоунааларды айдагандар кайрылып жатышат. Алардын унааларын милиция кызматкерлери “штраф стоянкага” алып барышууда.  Бул – мыйзамдын талабы. Бирок биз эки жыл мурун, мен жана башка депутаттар, Балбак Зарлыкович (Түлөбаев-ред.) да бул маселени көтөргөн, мунапыс кылсак деп айтканбыз буларга. Жөн эле “штрафстоянкага” койбой, мунапыс кылсак, менимче бюджетке да каражат түшөт, биздин жарандарыбызга да жакшы болот. Ошого барсак, жарандарыбызды жөн эле жүдөтпөй.  Муну карап чыгып, мүмкүн КабМин ошол жолдорду бизге алып келет. Себеби биз республикалык бюджетти карап жатабыз, 2025-жылы ушундай кылсак, бир топ эле каражат түшөт,-деди депутат Бекешев.

2022-жылы 15-мартта да Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев оң рулдуу машина ээлерине такси катары иштөөгө тыюу салууну азырынча токтото турууну сунуштаган.

Депутат Балбак Түлөбаев оң рулдуу унаалар көйгөйүн мындайча жарыя кылды:

-Биз өткөндө акчаны кайдан табабыз дегенде, булактарды көрсөтүп бердик эле. Салыкты эле көбөйтө бербей, башка булактарын да таап бердик эле. Марлен Абдрахманович (Маматалиев-ред.) экөөбүз оң рулдуу автоунаалар тууралуу мыйзам жазып, баарын даярдап, өкмөткө жибергенбиз, абхаз, армян номурлуулар боюнча. Мыйзам даяр. Былтыр Акылбек Үсөнбековичке (Жапаров-ред.) ушул жерден айттым эле, өкмөт позициясын билдирип койсун.

Оң рулдуу унаалар дагы эле кирип жатат. Өкмөт проблемаларды дагы эле үстү-үстүнө жыйнап жатат. Келечекте бул чоң проблемага айланат. Ошондуктан Алмазбек Акунжанович ( Абытов -президенттин жана МинКаб өкүлү -ред.), өкмөт позициясын билдирсинчи. Биз же оң рулдуу машиналарды иреттеп, мыйзамдаштырып берип, бардык жол-жобосу менен токтотуп, андан кийин киргизбей коюшубуз керек. Болбосо бул көйгөй улам-улам көбөйүп жатпайбы. Булар азыр аябай көп. Миллиондогон долларлар казынага түшөт, Алмазбек Акунжанович, ГИПке, коргоо министрлигине которсун ошол акчаларды, чек араны бекемдөөгө, Ысык-Көл соолуп баратат деп какшап жатабыз, тамчылатып сугарууга Кыргызстан боюнча. Ушул акчанын, миллиондогон долларлардын кереги жокпу өкмөткө? Таап берип, көрсөтүп жатабыз. Ички иштер министрлиги тоскоол болуп, корутунду бербей жатат дейсиңер, мындайга келгенде кортутундуну бат эле берет экенсиңер силер, минфин менен ички иштер министрлиги.

Элдин көйгөйүн чечкенге келгенде эле, бир-эки жыл “тээп коюп” жатасыңар. Бул көйгөй жыйналып жатат, бир күнү жарылат. Ошондуктан, өтүнүч, өкмөт эртерээк корутунду берип, ушул көйгөйдү чечишибиз керек,-деди депутат Түлөбаев.

Оң рулдуу автомашиналарга такси айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты