Оң рулдуу машиналар: Тыюу эмнеге алып келет? Бекешев маселе көтөрдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 15-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев оң рулдуу машина ээлерине такси катары иштөөгө тыюу салууну азырынча токтото турууну сунуштады.

-Ички иштер министрлиги токтом долбоорун чыгарып жатат, бул президенттик администрацияга кеткен. Оң рулдуу авто унааларга такси катары иштей албай тургандай токтом долбоорун чыгарып жатат. Айып пул 3 миң сом кылып. Ахвал азыр чындыгында жакшы эмес, азык-түлүк кымбаттап жатат.

Албетте, жол коопсуздугун да ойлонуш керек, бирок азыр бир топ депутаттар мыйзам чыгарып жатабыз, ошол эле оң рулдуу машина ээлери таксист болуп жок дегенде беш жыл иштешсе. Себеби 2020-жылы тыюу күчүнө кирген, бирок ал иштеген жок. Менимче. дагы беш жылга жылдырыш керек. Ошондуктан сураныч, бул бир топ кишилерге тийиштүү болот, терс таасирин берет, канча үй-бүлө жумушсуз калат. Тамакка каражат таба албай жүрсө, биз ошол тыюуларды токтотсок. Албетте, иретке келтириш керек, бирок башка да жолдор бар, -деди депутат Бекешев.      

Сүрөт: Интернет булактарынан.        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты