Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаев каза тапты

  • 6 месяцев мурун

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаев 71 жаш курагында бүгүн, 13-ноябрда, эртең менен каза тапканын жергиликтүү басылмалар жазды.

Бул тууралуу Алматынын ооруканасынын билдирүүсүнө шилтеме берип, Tengrinews.kz. басылмасы билдирди.

Буга чейин казак басылмалары анын сыркоолоп жатканын жазышкан.

Болат Назарбаев 1953-жылы 23-мартта Алматы облусунун Шамалган айылында туулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты