Нурдан Орунтаев: Үй курууга уруксат кагаз берүү тартиби өзгөрөт

  • 4 месяца мурун

Мамкурулуш агенттигинин сайтындагы курулуп жаткан объектилердин картасында мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленген.

Кыргызстанда мындан ары курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби өзгөрөт, катаалданат. Бул тууралуу 18-декабрда министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда курулушка лицензия берүү убактылуу токтоду.

«2010-жылдан берки аралыкта Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө 6 миңден ашуун лицензия берилген. Алардын 300дөйү гана иштеп жатат. Калганы ишкерлердин иш столунда жатат же колдон колго өтүп, «Лалафодо» сатылып жүрөт. Мисалы, 1000 сом мамлекеттик төлөм төлөнүп алынган лицензия 350 миң сомго сатылган учурлар бар. Мындан ары акчасы, техникасы бар, чыныгы курулуш компаниялары гана келип лицензия ала турган тартип киргизилет. Эгер уруксат кагаз алган ишкер бир жыл ичинде иш жүргүзүп, салык төкпөсө, уруксаты жокко чыгарылат».

Орунтаев ошондой эле ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган, «ынсапсыз» курулуш компаниялардын «кара тизмеси» түзүлүп жатканын жана ал жаңы жылдан кийин жарыяланарын кошумчалады. Ошону менен бирген өз ишин так аткарган курулуш компанияларынын «жашыл тизмеси» да түзүлөт.

Өткөн аптада министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган. Тизмеде Бишкек шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген.

Сүрөт: RR/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты