Нурбек Сыдыгалиев: “Президенттин жанында калп айтпаган кишилер жүрүш керек“

Бүгүн, 8-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик курултай тууралуу” мыйзам долбоору каралды жана экинчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге кайрылып, «комитетте байкабай калыптырмын, “депутаттар 2020-жылдын 4-октябрында төңкөрүш болгондо, депутаттар бир ай жок болду дейт, каякта жүргөнүн билбейм, ошол учурда курултайын мүчөлөрү иш алып барабыз”, президент болобу, ким болот, ошонун ортосунда көпүрө биз болушуз керек” деп айткандары боюнча президенттин атынан Чолпонбек Абыкеевге суроо берди.

Абыкеев “мен айткан жокмун”,  “Бир ай депутаттар ай качып кетти” деп айткан Бейшенбек Абдыразаковду Чолпон Султанбекова залдан чыгарып жиберди” деди.

Нурбек Сыдыгалиев видеону көрдүм, “сиз айткандан кийин, анан Абдыразаков” кайталаган”, “Президенттин жанында чындыкты сүйлөгөн, калп айтпаган кишилер жүрүш керек” деди Сыдыгалиев.  

“Сиз кайда жүрдүңүз эле төртүндө? Мен анда айтып коеюн,  баарыбыз жолугуп, сүйлөшүп,  6-октябрда “Достук” мейманканасында, Мыктыбек Юсуповичти (-Абдылдаев) шайлап бердик. Анан премьерди, Садыр Нуркожоевичти шайлап бердик. Бул эмне, мыйзамсыз болду деп жатасызбы? Бир ай жок болуп кетти деп. Ойлонуп сүйлөш керек. Мыйзамдуу шайлап берип, ошондон бери иш алып барып келе жатышат. Экинчи мындай, бирөөгө жалаа жапканыңыздарды токтотуңуздар. -деди депутат Сыдыгалиев.

Акырында, «Элдик курултай тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg                                   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты