Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиев Жогорку соттун судьясы болуп шайланды
- 2 недели мурун
Жогорку Кеңештин депутаттары 10-апрелдеги жыйында Жогорку соттун судьялык кызматына Нурбек Эсеналиевдин менен Бакыт Усубалиевди шайлады.
Талапкерлерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, сунуш президент тарабынан киргизилгенин билдирди.
Эл өкүлдөрү талапкерлердин «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык келээрин белгилеп, Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлашты.
Сүрөттө: Шайланган судьялар Эсеналиев жана Усубалиев. kenesh.kg
Муну бөлүшүү