Новосибирскте Бишкектин өтүнүчү менен тажик жараны кармалды

  • 2 года мурун

Орусияда Кыргызстандын өтүнүчү менен Тажикстандын жараны кармалды. “Озоди” радиосу кабарлагандай, Бишкек 52 жаштагы исфаралык Диловар Жураевди “бейбаштыкка” жана “улут аралык кастыкты козутууга” айыптоодо.

Диловар Жураевдин жакындарынын айтымында, сот анын баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.

“Агамды мурда да кармашкан. Мартта ал Новосибирск шаарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине жеткирилип, сурактан кийин бошотулган. Анда да Бишкектин өтүнүчү боюнча чек ара жаңжалында жапырт башаламандыкка катышкан деген шек менен кармалган. Агам экинчи жолу Кыргызстандын суроосу боюнча кармалууда. Ал 13-мартта кыргыздарга Ворухка бара турган жолду жапкан деп айыпталууда. Бул абсурд, себеби Ворух жашоочулары бул жолду жаба алышпайт. Тескерисинче, кыргыздар бул жолдон өтүүгө уруксат бербей жатышат”, — деди Жураевдин иниси Ифтихор Турганов.

Диловар Жураев Ворухтун жашоочусу, Тажикстан жана Орусия жарандыгына ээ.

Ушул тапта ал Новосибирсктеги тергөө абактарынын биринде отурат.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Жураевдин кармалганынан кабардар. Дипломатиялык өкүлчүлүк Орусия ТИМине түшүндүрмө үчүн кайрылды.

Бул арада Тажикстан да чек ара жаңжалында жасалган кылмыштарга байланыштуу кыргыз жарандарын кармоо боюнча Орусияга бир нече өтүнүч жөнөттү.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты