Новосибирскиде газ жарылуусунан жабыркаган кыргызстандык аял көз жумду  

  • 1 год мурун

9-февралда Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан жабыркаган Кыргыз Республикасынын А.К. аттуу жараны көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан көз жумду.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кыргызстандык А.К. 21-февралда реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы «Ортос» реабилитациялык борборуна которулган. Бирок 24-февралда ал  тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, А.К. Бердск шаардык ооруканасында көз жумган.

25-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери Бердск шаарына жөнөтүлүп, алар Бердск шаардык борбордук оорукананын реаниматологу жана башкы дарыгеринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

КР Башкы консулдугуна маркумдун жубайынан чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку жөлөкпул алуу боюнча арызы кабыл алынып, тестиер эки баласына  Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөрү берилгени айтылды. Кечээ, 25-февралда, А.К.нын сөөгү Новосибирски шаарынан  Ош ко Сибирь  (S7)  авиакомпаниясынын каттамы менен жөнөтүлдү.

Башкы консулдук мурда маалымдагандай, 2023-жылдын 9-февралында Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан улам Кыргыз Республикасынын жараны А.К.нын бел омурткасы сынып, Новосибирск  шаарындагы Я.Л.Цивян атындагы травматология жана ортопедия институтунда (НИИТО) жаткырылып,  омурткасына операция жасалган. Ал газ жарылган көп кабаттуу үйдүн батиринде ижарада үй-бүлөсү менен жашап турган. Анын эки баласы жана күйөөсү бар.

Сүрөт: Газ жарылган көп кабаттуу үй. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты