Нооруз майрамына байланыштуу «Ала-Тоо» аянтында айрым жолдор убактылуу жабылат
- 2 месяца мурун
Нооруз майрамына байланыштуу «Ала-Тоо» аянтында айрым жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-март саат 00:00гө чейин Чүй проспектисинин бир бөлүгү (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин), Раззаков көчөсүнүн (Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин) жана Орозбеков көчөсүнүн (Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин) айрым бөлүктөрү жабылат.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана бул мажбурланган чарага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Муну бөлүшүү