Борбор шаарда Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды
- 2 недели мурун
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылгандыгы тууралуу маалымдады.
Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2026-жылга пландалган жол оңдоо иштерине даярдык көрүүнүн алкагында асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери каралган.
Буга байланыштуу 30-апрелден тартып Гоголь көчөсү Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автоунаалардын кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер авариялык кырдаалдардын алдын алууга, керектөөчүлөрдү туруктуу жылуулук менен камсыз кылууга жана шаардык инженердик тармактардын коопсуз иштешин жогорулатууга багытталган.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырып алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




