“Абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган” Нарында Нооруз майрамдалууда     

Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты.

Нарындагы салтанатта сөх сүйлөгөн президент Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады:  

-Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайра-сынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз.Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилеп, абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын, -деди Жапаров.

Андан кийин Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жаткан Нарын облусунун тарыхына токтолуп, анын даңктуу уул-кыздарарына токтолду:  

-Батыш менен Чыгышты байланыштырып, нечен элдин маданиятын жуурулуштурган Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Нарын дубанынын тарыхы тээ түпкүрдө жатат.

Айтылуу “Теке-Секирик” үңкүрү, “Кошой-Коргон” шаар чалдыбары, “Кочкор башы” шаар калдыктары, “Таш-Рабат” кербен сарайы, “Шырдакбектин чеби”, “Кырк чоронун күмбөзү” жана башка тарыхый эстеликтер буга далил.

Мына ушундай өтмүшү да, бүгүнкүсү менен эртеңкиси да зор мүмкүнчүлүктөр жана жаркын келечек менен байланышкан бул аймактан, тоолорундай бийик, сууларындай шар, «кыргыз» деген атка кыл жугузбай, каада-салтын кымбат тутуп, сактап келе жаткан кутман элдин арасынан чыккан атактуу инсандарды атабай туруп, аларды аттап өтүп кетсем туура эмес болоор.

Батасы журтту байыткан олуязаада Кошой бабабыз, кыргыздын башкы касиети – “Манас” дастанын муундан муунга руханий азык кылып айтып келген Тыныбек Жапый уулу, Сагымбай Орозбаков, Шапак Рысмендеев, Тоголок Молдо сыяктуу залкар манасчылар, Атантай, Тайлак, Качыке, Ормон хан, Ажыбек өңдүү баатырлар, мамлекетти түптөгөн Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев,

Сатыбалды Нааматов аталар, алардан кийинки Турдакун Усубалиевдей мамлекеттик жана саясий ишмерлер, Арстанбек, Молдо Кылычтай даанышман олуялар, Дүрбөлөң Мамбетов, Үсөн Асанов, Асанбек Таабалдиевдей илимпоздор, Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Мидин Алыбаев, Эсенгул Ибраев, Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жумамүдүн Шералиев, Кеңеш Жусупов жана башка көптөгөн маданият менен адабияттын алптарынын киндик кан тамган жери – дал ушул Теңир-Тоо аймагы болот,-деди өз сөзүндө президент.

Ошондой эле президент облустагы жетишкендиктерди айтып өттү:  

-Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 40 млрд сомго жетип, өсүү темпи 224 пайызды түздү. Өзүңүздөр байкагандай, бул — эки эседен ашык өсүш дегенди билдирет.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 5,7 эсеге өсүп, 2021-жылы 30 гана ишкана ачылса, 2025-жылы 134 ишкана ишке кирген.  Алардын негизинде кошумча жүздөгөн жумуш орундары түзүлгөн.

Облуста эт, сүт, бал, тоют жана мөмө-жемиш кластерлерин түзүү багытында жалпы суммасы 2 млрд сомго жакын долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Айрыкча, Нарындын балы Сауд Арабия, Казакстан, Кытай, Россия жана Япония мамлекеттерине экспорттолуп жаткандыгын сыймыктануу менен айта кетишибиз абзел,-деди президент Жапаров.

Өз сөзүндө мамлекет башчы Нарын облусу айыл чарба тармагындагы мыкты кадрларга муктаж болуп тургандыгын белгиледи:

-Бул жерде олтурган аксакалдардын эсинде болсо керек, 1960-1980-жылдары мамлекет Корчубек Акназаровду атайын шарты катаал, абалы оор делген Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорун жетектөөгө жиберип, натыйжада айыл чарбасы абдан жакшы жолго коюлган. Корчубек Акназаров, Кадыракун Базарбаев сыяктуу иштин көзүн билген дасыккан кесипкөйлөрдүн жолун улай, шарты катаал бул аймактын айыл чарбасын оңдоого дараметим жетет деген эр-азаматтар болсо мамлекет ар тараптан колдоого даярбыз,-деди президент.

“Абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган” Нарында Нооруз майрамдалууда     
“Абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган” Нарында Нооруз майрамдалууда     

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты