Бишкектин Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылды.
Бул жерде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
«Бишкек суу каналы» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




