Мэрия: Бишкекте алты көрүстөн сөөк коюуга жабылды
- 4 недели мурун
2026-жылдын 11-майынан тартып Бишкек шаарындагы алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүү, мурдагы мүрзөлөргө кошумча көмүү жана сөөк коюу иштери жүргүзүлбөйт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул чечим көмүү жайларын тейлөөдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле жаңы сөөк коюу үчүн бош жер жоктугуна байланыштуу кабыл алынды.
Тиешелүү чаралар Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди.
Төмөнкү көрүстөндөрдө сөөк коюуга тыюу салынды:
-Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
-«Энесай» конушунда Орхон жана Энесай 11-көчөлөрүнүн кесилишинде;
-«Көк-Жар» конушундагы Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде;
-Орто-Сай айылындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө;
-Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде;
-Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан сөөк коюуну уюштурууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана жаңы сөөк коюу үчүн бөлүнгөн көрүстөндөр тууралуу маалымат алуу максатында «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөт.




