Бишкектин Толстой көчөсү оңдоп-түзөө иштерине убактылуу жабылды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарында 18-апрелден тартып Лев Толстой көчөсүндө эки этап менен реабилитация иштери жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Биринчи этапта 18-апрелден тартып Термечиков көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду реабилитациялоо иштери башталды.

Ал эми экинчи этапта Кривоносов көчөсүнөн тартып Фрунзе көчөсүнө чейин жабылуусу пландалууда. Буга байланыштуу 5 каттамдын кыймыл-чиймеси өзгөртүлөт. Алар: №23, №62, №80, №227, №8(Т)

Мэрия шаар тургундарына кайрылып, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана каттамды алдын-ала пландоого чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты