Ноокенде секелек кызын чыбык менен чапкылап, коркутуп, видеого тарткан киши кармалды
- 2 месяца мурун
Ноокен районунда секелек кызын чыбык менен чапкылап, коркутуп, видео тасмага тарткан киши кармалды. Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин маалыматы боюнча, 36 жаштагы О.К, 41 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Күйөөсү аны 14-ноябрда токмоктоп, үйүнөн кууп чыккан. Үйдө 5 жашар кызы жана уулу менен калып, кызын коркуткан тасманы аялына жөнөткөн.
Кызын чыбык менен чапкылап, коркутуп, видеого тартып, аялына жөнөтүп, эгер үйгө келбесе, андан да жаман болорун айткан.
27-ноябрда бул факты Майлуу-Суу шаарында катталып, андан кийин Ноокен районуна өткөрүлүп берилген. Видеодогу балдардын атасы кармалды.
Социалдык тармакта тараган видеодо секелек кызды чыбык менен ургулап, аны коркутуп, тасмага тартып турган киши кыздын атасы болуп чыккан.
Сүрөт: Видеодон алынды