«Ногойбаев кетсин!» Бишкек ИИБ башчысынын отставкасы үчүн митингге чыгышты (Видео)

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) имаратынын алдында укук коргоочулар, активисттер ИИБ башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасы үчүн митингге чыгышты.

Акциянын себеби- Азамат Ногойбаевдин зомбулуктан жапа чеккен секелек кыздар тууралуу айткандары негиз болгон.

Митингге чыккандар «Ногойбаев кетсин!» деп ураан чакырып, анын сыртка чыгышын талап кылышты. Ошондой эле эртең алар Ички иштер министрлигинин алдына чыгышаарын билдиришти.

Буга чейин ИИБ башчысы Ногойбаев мекеменин басма сөз кызматы тарабынан социалдык тармакта уюштурулган түз эфир учурунда жаш кыздар эрезеге жеткен эркектер менен “өз ыктыяры” менен жыныстык катнашка барарын жана ушундан улам ар кандай кесепеттүү окуялар болуп кетээрин билдирген.

Ногойбаевдин сөзү коомчулукта сын-пикирге кабылып, секелек кыздар эч убакта “өз каалоосу” менен андай окуяларга барбасын жана бул негиз кылмыш жасагандарды актоо экенин билдиришүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын ИИБ башчысы Азамат Ногойбаевдин социалдык тармактын түз эфиринде айткандары боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Шаардык ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаевдин социалдык тармактагы түз эфири бул шилтемеде.

"Ногойбаев кетсин!" Бишкек ИИБ башчысынын отставкасы үчүн митингге чыгышты (Видео)

Сүрөттөр: «ПолитКлиника/Эркайым Асанканова.

Бүгүнкү митингден «ПолитКлиника» медиасы түз эфир уюштурду.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты