Укук коргоочулар Бишкек ИИБ башчысы Ногойбаевдин отставкасын талап кылышууда

  • 1 год мурун

“Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында билдирди.

-Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, ИИМдин басма сөз кызматы. Бишкек шаардык ИИБ башчысын отставкага кетирүүңүздү суранам” деп жазды ал.  

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин секелек кыздардын өздөрү кылмыштардын көбөйүшүнө өбөлгө болорун айтып жатса, анда ал кылмыштуулукту актагандыгы экенидигин айтты.

Буга чейин Бишкек ИИБ башчысы Азамат Ногойбаев жашы жете элек балдарга байланыштуу кылмыштардын өсүшүнө секелек кыздарды күнөөлөп, алар өздөрү таанышып, интимдик байланышка барып жатканын айтып, социалдык тармактагы түз эфиринде айыптаган. .   

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын ИИБ башчысы Азамат Ногойбаевдин социалдык тармактын түз эфиринде айткандары боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Сүрөттө: Азамат Ногойбаев. Интернет булактарынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты