Нью-Делиде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди

  • 2 года мурун

Индиянын Нью-Дели шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Индия өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары кечеге кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор боюнча кызматташкан академикалык чөйрө дагы катышкан.

Иш-чара «Элдердин достугу» аттуу концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле конокторго улуттук тамак-аш жана суусундуктар тартууланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты