Никабга тыюу. «Муфтияттын фатвасынын негизинде эмес, Кыргызстандын мыйзамына ылайык». Юристтердин пикири
- 2 недели мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине 5-апрелде никаб тууралуу берген маегине юристтер пикирин билдиришти.
«Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова никабга тыюу тууралуу мындай пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу айтты:
«Сиздин бетин чүмкөгөн аялдарды текшерүү боюнча маегиңизде айтылгандай, аларды текшерүү, муфтиятын фатвасынын негизинде эмес, 2025-жылдын январь айында сиз кол койгон «Бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү» тууралуу мыйзамынын 127-1 беренесине ылайык, мамлекеттик органдарда жана коомдук жайларда бетин жаап жүргөндүгү үчүн жоопкерчилик жана айып каралган».
127-1. Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу. Жүзүн жашыруу медициналк көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий-оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жашыруусу жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы №17 Мыйзамынын редакциясына ылайык).
«Бетин жапкан аялдарды текшерүүлөр КР муфтиятынын фатвасынын негизинде эмес, Кыргызстандын мыйзамдарында кабыл алынган жаңы жобонун негизинде жүрүүдө. Милиция органдары муфтияттын фатфасына эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кызмат кылган мамлекеттик орган».
«Маек жарандарды адаштырып, мамлекеттик кызматтын бардык системасынын көз карандысыздыгы жана нейтралдуулук принцибине күмөн жаратат. «Юристтер жана кеңешчилериңиз маалыматтан толук кабардар болуп, сизге толук маалымат бериши керек» деди Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулованын пикирин юрист Таттуубүбү Эргешбаева колдоого алган.
«Кыргызстан светтик, укуктук өлкө. Бул мамлекеттик органдардын иш-аракеттери, анын ичинде укук коргоо органдарынын иш-аракети азыркы мыйзамдардын негизинде гана болушу керек».
2025-жылы 21-январда бузуулар тууралуу кодекске 171-1 беренеси кирип, анда мындай ченемдер каралган: Мамлекеттик органдарда жана коомдук жайларда бетин толук жабууга жол берилбейт. Ал эми өзгөчө учарларда: медициналык жагдайга ылайык, эмгек же кызматтык талаптарга ылайык, спорттук, маданий же башка коомдук иш-чаралар учуру ал талаптарга кирбей турганын юрист Эргешбаева кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине 5-апрелде берген маегинде мындай деген.
«Жакында дин тармагын иретке салган мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамда дин тутунгандар боюнча бардык укук муфтият менен Аалымдар кеңешине берилген. Бийлик дин тармагына кийлигише албайт. Кийлигишпейбиз дагы. Ошондуктан муфтият кандай фатва чыгарса, ал фатва бүткүл өлкө боюнча аткарылышы керек. Муфтият жөндөн-жөн эле оюна келген фатваны чыгара бербейт. Дин боюнча илимге, куранга, хадистерге таянат» деди президент маегинде.
«Ал эми жанагындай жүзүн такыр эле таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы. Бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү маселе. Бул бийликтин саясаты эмес, бул муфтияттын Кыргызстан мусулмандарына чийип берген эрежеси, мыйзамы. Биз ошол мыйзамдын аткарылышына бийлик кайдыгер карап олтура бербей жардам беришибиз керек. Негизи эле кайсы гана маселе болбосун, муфтияттын чыгарган фатвасынын аткарылышын камсыз кылганга жардам беришибиз керек” деди президент «Кабар» агенттигине берген маегинде.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунда облустун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана анын талаптарын бузууга жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Мыйзам бузуунун алдын алуу үчүн укук коргоо органдары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү, жарандарга эскертүү берилип, коомдук жайларда никаб кийбөө талабы айтылган.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы