Коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынган. Аны аткарбагандарга 20 миң сом айып салынат  

  • 1 месяц мурун

Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер  жөнүндө мыйзамды аткаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын имаратында облустун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешмеде дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана анын талаптарын бузууга жол бербөө үчүн биргелешкен иш- чаралар планы түзүлгөн.

“Мыйзам талаптарына ылайык,  коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт” деп айтылат маалыматта.  

Мыйзам бузуунун алдын алуу үчүн укук коргоо органдары жана  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун  аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.     Иш- чаранын алкагында жарандарга эскертүү берилип, коомдук жайларда никаб кийбөө талабы айтылды. Өз учурунда жарандар мыйзамдын талаптарын түшүнүү менен кабыл алышты.

УКМК мыйзамдын талаптарын бузуу КР мыйзамдарына ылайык административдик жаза менен жазаланарын эскертти.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты