Нигериялык үч жарандын Кыргызстандагы оор шартка кабылганы боюнча ТИМ чара көрүп жатканын билдирди
- 1 неделя мурун
Кыргыз Республикасынын аймагында Нигериянын үч жараны оор жашоо шартында жүргөндүгү тууралуу массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 7-июнда билдирүү таратты.
“Учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу изилдөө жана аны тийиштүү түрдө жөнгө салуу максатында ыйгарым укуктарынын алкагында зарыл чараларды көрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул маселени тез арада чечүүгө көмөктөшүү үчүн тийиштүү мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө” деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Нигериянын үч жараны мажбурлап иштетүүгө жана паспортторун мыйзамсыз алып коюу боюнча фактысы боюнча билдирүү жасап, алар мыйзамсыз миграциянын жабырлануучусу болгондугун жана тергөө иш-аракеттеринин катышуучусу экенин маалымдаган. Ал факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирген.
Ал эми тергөө иштери аяктагандан кийин аталган нигериялык үч жаранга консулдук тиешелүү жардамдар көрсөтүлө тургандыгы айтылган.
Кыргызстанда нигериялык иммигранттардын Кыргызстанда оор шартка кабылганын Sahara Reporters жазганын АКИ пресс билдирген.
Сүрөт: Интернет булактарынан