Нигерияда кибералдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын эки жараны Мекенге кайтарылды
- 10 месяцев мурун
Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын декабрь айында Лагос шаарында Нигериянын экономикалык жана каржылык кылмыштар боюнча комиссиясы тарабынан кибералдамчылыкка шектелип кармалган Кыргыз Республикасынын эки жараны 2025-жылдын август айында Мекенине кайтарылганын маалымдайт.
“Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, алар менен, алардын туугандары жана адвокатты менен үзгүлтүксүз байланыш болгон. Мындан тышкары, кармалган жарандар менен жолугушууларды жана компетенттүү органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кырдаалды тез арада жөнгө салуу жана бошотуу үчүн Нигерияга эки консулдук сапар уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарыбызды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча сак жана этияттык болууга чакырат” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




