Нигер: Аскерлер президент бийликтен четтетилгенин билдиришти

  • 9 месяцев мурун

Нигердеги аскерлер тобу улуттук телеканал аркылуу билдирүү жасап, президент Мохамед Базум бийликтен четтетилип, чек аралар жабылып, өлкөдө коменданттык саат киргизилгенин билдиришти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Күн мурун Нигердин президенттик гвардиясы өлкө башчысы Мохамед Базумду резиденциясынан чыгарбай камап турганы кабарланган. Алгач президенттин кеңсеси козголоңду армия да, Улуттук гвардия да колдобогонун билдирген. Бирок бир нече сааттан кийин Базум бийликтен четтетилгени жөнүндө кабар тарады.

Кийинчерээк абалды жөнгө салууга ортомчулук кылуу үчүн Нигерге Бениндин президенти Патрис Талон учуп кеткени белгилүү болгон.

Jeune Afrique басылмасынын булактары билдиргендей, козголоңго Базумдун президенттик гвардиянын командири, генерал Омар Тчианини кызматтан алуу ниети себеп болгон болушу мүмкүн. Тчиани бул кызматта мурдагы президент Махамаду Иссуфунун тушунан бери иштеп келет.

Козголоң Санкт-Петербургда өтүп жаткан «Орусия – Африка» саммитинин фонунда болду. «РИА Новости» өз булактарына таянып, бул саммитке Нигердин өкүлдөрү катышпаганын, бирок мунун козголоңго байланышы жок экенин жазды.

Independent британ басылмасы Нигерде орусиялык «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданма жоочулары бар экенин жазган. Базум бул маалыматтарды четке кагып, өлкө өз аймагына вагнерчилерди чакырууну пландабаганын, анткени алар көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып, жалган маалымат таратуу менен алектенерин билдирген.

«Вагнердин» жоочулары Нигердин коңшусу Малиде бар. Бул өлкөдө Буркина-Фасодогудай эле жакында төңкөрүш болгон. Малинин аскердик хунтасы орусиячыл саясат жүргүзүүдө.

Мохамед Базум 2021-жылы президент болуп шайланган. Ага чейин Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин башчысы кызматтарында иштеген.

Нигер – Франциянын Батыш Африкадагы мурдагы колониясы. Өлкө жаратылыш ресурстарына бай. Дүйнөдөгү уран запасынын 7% дал ушул мамлекетке туура келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты