Куралдуу Күчтөр күнү кут болсун!

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерин бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. 

“Биздин Куралдуу Күчтөрүбүз өлкө эгемендикке ээ болгондон тартып бүгүнкү күнгө чейин калыптануунун түйшүктүү жолун басып өттү. Бул жолдо кыргыз эли өлкө аймагына эл аралык террористтердин бандиттик түзүлүштөрү басып кирген трагедиялуу 1999 –2000-жылдарды эгерим эсинен чыгарбайт. Ошол Баткен окуялары биздин жаш армиябыз үчүн биринчи согуштук сыноо, мамлекетибиздин такшалышына, бекемделишине жана өз эгемендүүлүгүн сактап калуусуна чоң сынак болгон” деп айтылат куттуктоодо.

“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнү кут болсун! Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!”

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты