«Армияга барбаса, илинип турган колбаса». ЖК төрагасы аскерге барбагандар тууралуу

  • 1 год мурун

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова кыздарга аскерге барбаган жигиттерге турмушка чыкпоо сунушун айтты. Аны төрага Нурланбек Тургунбек уулу колдоп, Райкандын ырын айтып берди.  

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Надира Нарматованын пикирине кошулуп, бул туурасында Райкан Шүкүрбековдун ырын эстеди:

“Армияга барбаса/ Окуп-билим албаса/ Ал бала жөн эле/ Илинип турган колбаса”

“Анын сыңарындай, жигиттер сөзсүз аскерге барышы керек. Анан аскерде өзүнүн эрежеси, тартиби бар. Катуу тартип болуш керек, анча-мынча какыс-кукус болот. Ошонун баарына ызылдай берген болбойт.  Албетте, чектен ашып кеткен учурларда, атайын комиссия тиешелүү жазаларын берет. Бирок армия катуу болуш керек. Армияда катуу тартип болбосо, анча-мынча какыс-кукус болбосо, анда ал жөн эле эс ала турган жай эмес, ал жерде кызмат өтөгөндө ошону менен жигиттер бышат. Анан коомчулук болор-болбос нерсеге ызылдап чыга калган туура эмес. Аша чаап кеткен учурларды көз жаздымда калтырбай, жазалайбыз, -деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.   

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңеш Коргоо министрлигине Руслан Мукамбетовду дайындоого макулдук берди.

Сүрөт: Коргоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты