Аскердеги жоокердин өлүмү. Акыйкатчы окуяга тынчсыздануусун билдирди

  • 12 месяцев мурун

Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМКК) кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин №5 батальонунда кызмат өтөгөн жоокердин каза болгондугу боюнча мониторинг жүргүздү.

Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, №5 аскер бөлүгү Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан. Анда 30 аскер кызматкери жана 90  жоокер кызмат өтөйт.

Аскер бөлүгүнүн маалыматында, 16-июль күнү эртең мененки саат 5:30да Нарын облусунун Кочкор районунда 2005-жылы туулган Т.Б. аттуу жоокер асынып турган абалда командирдин кабинетинен табылган.

Т.Б. өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алган. Ал түнү Т.Б. прапорщик И.Ж.А. менен нөөмөттө болгон. Чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин Т.Б. газондорго коюлуп жаткан сууну текшерүүгө кеткен. Жарым сааттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.

Маркум кат калтырып кеткен. Бирок акыйкатчы  институтунун өкүлдөрү кат менен тааныша алышкан жок, анткени Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Батальондун командири А.Д.У.нун айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган.

Т.Б. 2025-жылдын 21-апрелинен баштап кызмат өтөгөн. Батальондун командиринин маалыматында, жоокер аскер бөлүгүнө түшкөндө психолог көз салып турууну сунуштаган. Андыктан командир аны радист кылып дайындап, кабылдамасына олтургузган.
Аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин пикиринде, Т.Б. үч айлык кызматтын ичинде тынч жүргөн, эч ким менен чатакташкан эмес, аз сүйлөп, дене бой жагынан чың болчу.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө.
Жамиля Жаманбаева Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигин мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат.

Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментиндеги психологиялык климатты аныктоо үчүн кесипкөй психологдорду тартып, анонимдүү анкета колдонуу керектигин белгилейт.

Сүрөт: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты