Пакистан Индияга каршы аскер операциясын баштаганын билдирди
- 9 месяцев мурун
10-май күнү эртең менен Пакистан “Баньян-уль-Марсус” («Бекем өлкө») операциясын баштаганын билдирди. Бул тууралуу Пакистандын билдирүүсүндө айтылат.
Аскер операциясы Индиянын агрессиясына жооп экени белгиленди.
Соккунун максаты Кашмирдин Индия тарабындагы Удхампур шаарындагы авиабаза жана Беастагы “Брамос” деп аталган өтө ылдам учуучу ракетанын кампасына уруларын Коопсуздук кеңешиндеги булактарына таянып, Geo TV кабарлаган. Пакистандыктар Индиянын кеминде11 объектисине чабуул коюшканын BBC News билдирди. Соккулардын бири Исламабад шаарына жакын жердеги Нура Хан базасына багышталган, ал жер өлкөнүн аскерлеринин штабы катары кызмат кылууда.
Индия тарап ал операцияны өтө ири күч топтоо катары сыпаттаган. Сокку урууга учкучсуз учактар менен башка куралдар пайдаланылганы айтылат. “Пакистандын Индиянын көз карандысыздыгын бузууга аракетине жана жарандык калкты кооптуулукка кириптер кылууга жол берилбейт, Индия душмандардын планын үзгүлтүккө учуратат” деп айтылат Индия армиясынын билдирүүсүндө.
Кийинчерээк Индиянын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлү Пакистандын соккусу Индиянын аскер инфраструктурасына зыян алып келбегенин айтты.
Сүрөт: Reuters




