Next TV телеканалынын журналисттери УКМКда сурак берүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-мартта Next TV телеканалынын эки журналисти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатат. Дагы эки кызматкери саат 14:00гө суракка чакыртылды. Бул тууралуу аталган телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Белгилей кетсек, УКМК аталган телеканалга “Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш ишин козгогон.

5-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалган. Телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесиндеги эшиктерге мөөр басылып турат.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты