Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөмбиев үч жылга шарттуу соттолду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Next TV каналынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин өкүмү чыкты. Сот Таалай Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жыл пробациялык жаза мөөнөтүн өтөө чечимин чыгарды. Дүйшөмбиев сот залынан бошотулду.

Таалай Дүйшөмбиев өзүнө коюлган айыпка макул эместигин, кастыкты козутуу орун албаганын билдирди.

Март айынын башында УКМК NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди 48 саатка камакка алган. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган. 

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты