«News.kg үгүт материалын мөөнөтүнөн мурда жарыялоо менен мыйзам бузду». Маалыматты текшеребиз

Кыргызстандагы News.kg маалымат порталынын Instagram баракчасына, кечээ, 27-октябрда “Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубат Мамыров бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда” деген маалымат чыкты. Маалыматта талапкердин шайлоого кайсы округдан катышып жатканы айтылып, кыскача өмүр таржымалы берилген. Ага кошумча посттун өзүндө жана сүрөттө талапкердин аккаунту белгиленген.

"News.kg үгүт материалын мөөнөтүнөн мурда жарыялоо менен мыйзам бузду". Маалыматты текшеребиз

Белгилей кетсек, News.kg порталынын Instagram баракчасына 1,2 миллион адам катталган. 

"News.kg үгүт материалын мөөнөтүнөн мурда жарыялоо менен мыйзам бузду". Маалыматты текшеребиз

Аталган пост социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратууда. Алар бул постто үгүттүн белгилери камтылган деген пикирде. Журналист Гүлзада Шаршеналиева «үгүт иштери баштала электе мындай тариздеги материалдын жарыялануусу канчалык мыйзамдуу?» деген суроону койгон.

ПолитКлиника медиасы бул постту жарыялоо менен талапкер жана маалымат порталы мыйзам бузууга жол берип-бербегендигин текшерип көрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамынын 23-беренесине ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.

"News.kg үгүт материалын мөөнөтүнөн мурда жарыялоо менен мыйзам бузду". Маалыматты текшеребиз

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-августта алдыдагы парламенттик шайлоого карата иш-чаралардын календардык планын бекиткен. Бекитилген календарга ылайык, БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин 29-октябрдан 27-ноябрга чейин өткөрүүнү дайындаган. 

Ал эми News.kg порталынын баракчасына жогоруда сөз болуп жаткан пост үгүт иштерин баштоого уруксат берилген убактан мурун, тактап айтканда, 27-октябрда жарыяланган. Эгер пост үгүттөө максатында жазылган болсо, анда мыйзам бузуу болуп саналат.

Эми посттун мазмунуна келе турган болсок, Конституциялык мыйзамда үгүт эмне экени өзүнчө чечмеленбейт, бирок анын белгилери көрсөтүлгөн. Ага ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: 

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөө; 

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоо билдирүү; 

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу; 

4) талапкерлердин кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарышына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, талапкердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтарды берүү үгүт катары каралбайт.

Ал эми мыйзамда социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жазылган эмес. Андыктан маалыматта талапкердин аккаунтун белгилөө менен мыйзам бузууга жол берилип-берилбегенин аныктоого мүмкүн болгон жок. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты