Nestle Кыргызстандын аймагындагы айрым чектелген партияларын ыктыярдуу түрдө кайтарып алуу чечими кабыл алды

  • 1 месяц мурун

Nestlé Россия тарабынан Кыргызстанда таратылган айрым чектелген партияларын ыктыярдуу түрдө кайтарып алуу чечими кабыл алынган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргыз Республикасынын аймагында Nestlé тобуна кирген балдар тамак-ашынын продукциясын тараткан Forester ЖЧКсынан расмий билдирүү алынганын маалымдады.

Nestlé Россия тарабынан берилген маалыматка ылайык, кургак, тез эрий турган сүттүү, кычкыл сүттүү жана лактозасыз аралашмалардын айрым чектелген партияларын ыктыярдуу түрдө кайтарып алуу чечими кабыл алынган.

Бул алдын алуу чаралары продукцияга кошулган сырьедон цереулид токсини табылганынан улам, фирма глобалдык түрдө продукцияны кайтарып алууда.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты