Непалдагы жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан көңүл айтты  

Преидент Садыр Жапаров Кыргызстандын атынан Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге зилзаланын кесептинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Непал элине жана ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошону менен бирге жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Биз мындай оор мезгилдеги орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөбүз” деп айтылат телеграммада.    

  

4-ноябрга караган түнү Непалдын батышында Джаджаркот районунда жер катуу титиреп, 150 дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Жер титирөө очогунда 6,4 баллга жеткен.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты