Непалда учак кулады  

Жекшемби күнү  Непалдын Покхара аэропортунда Yeti Airlines компаниясынын учагы кулады. Учак Катманду шаарына учуп бараткан.

Непалдын жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу ATR 72 учагында 68 жүргүнчү, анын ичинде 15 чет элдик жаран жана төрт экипаж мүчөсү болгон. 

News18 телеканалынын маалыматы боюнча, учактагылардын ичиндеги жүргүнчү жана экипаждын эч кимиси аман калган эмес. Бирок АР жана AFP агенттиктери жергиликтүү агенттиктердин маалыматына таянып, Непалдын эки жараны аман калганын маалымдады.

 Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты