24.kg агенттигинин ээси жана директору алмашты

  • 1 месяц мурун

24 kg агенттигинин учредители жана директору алмашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин базасында аталган маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, учредители жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болгондугу жазылды.

Гүлжан Шерипбаева социалдык тармактарга 24 kg агенттиги ага таандык эмес экенин жана жакын арада кожоюну ким болору ачыкталарын жазууда. Гүлжан Шерипбаева менен байланышканыбызда да ал 24 kg агенттигинин учредители болбогонун жана анын чыныгы ээси жакынкы күндөрдө белгилүү болоорун айтты.

24.kg сайтынын мурдагы ээси Асел Оторбаева менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Оsoo.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана директору болгон.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бишкек шаардык соту буга чейин 24.kg агенттигинин тергөөчүнүн басылманын кеңсесине мөөр басышын мыйзамсыз деген апелляциялык арызын да четке каккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты