Назарбаевдин фонду «экс-президенттин миллиарддары» тууралуу иликтөө жарыялаган бейөкмөт уюмду сотко берди

  • 2 года мурун

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин фонду кеңсеси АКШнын Балтимор шаарында жайгашкан Journalism Development Network коммерциялык эмес уюмуна каршы доо арыз жазды. Бул тууралуу Courthouse News Service сайты кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, арызда фонддун акчасы максатсыз пайдаланып жатканы тууралуу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борборунун» (OCCRP) иликтөөсүндө айтылган маалымат жалган экени жана ал фонддун беделине шек келтиргени белгиленген. Кеп OCCRP 19-январда жарыялаган иликтөө жөнүндө болууда. Анда Назарбаевге байланышы бар төрт кайрымдуулук уюм жөнүндө сөз болуп, алардын жалпы активдери 7,8 миллиард долларга бааланган.

Courthousenews.com сайтына жарыяланган документке ылайык, «Назарбаев фонддун» атынан жазылган доо арызды 29-июлда Нью-Йорктогу Boies Schiller Flexner юридикалык фирмасынын башкаруучу өнөктөшү Мэтью Л. Шварц берген. Анда «Назарбаев фонд» «Назарбаев университети менен Назарбаев интеллектуалдык мектебин каржылык жактан колдоо үчүн» түзүлгөнү жазылып, фонддун активдеринде Казакстандын экс-президентинин «эч кандай үлүшү жок экени» белгиленген.

OCCRP’нин иликтөөсүндө фонддордун активдери формалдуу түрдө Нурсултан Назарбаевге таандык эмес экени, бирок экс-президент алардын мүлктөрүн сатуу же башка бирөөнө берүү тууралуу чечимдерди кабыл ала алары айтылган.

Январда иликтөөдө аты аталган кайрымдуулук уюмдардын үчөө Назарбаев көзөмөлдөгөн мүлктөр тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп беришкен эмес. Бир уюм Казакстандагы билим берүү мекемелерин каржылоо менен алектенгендиктен, анын активдери эч кандай киреше алып келбей турганын билдирген.

Journalism Development Network – иликтөө менен алектенген дүйнөдөгү ондогон ЖМКларды жана жеке журналисттерди бириктирген «Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун» түзүмүн башкарат.

Назарбаев фонду 2009-жылы негизделип, Назарбаев мектептер тармагы жана Назарбаев университети менен байланышкан. Назарбаев 2019-жылы президенттиктен кеткенде бул фонд инвестициялоо менен активдүү алектене баштап, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Жаксыбековдун үй-бүлөсүнө караштуу ири банкты («Цеснабанк»), онлайн соода аянтчасын, ири кампаларды, соода борборлорун жана макарон чыгарган фабриканы сатып алган. Журналисттердин маалыматына караганда, Назарбаевдин калган үч фонду да ал президенттиктен кеткенден кийин жандана баштаганы байкалган. Иликтөөдө алардын бири швейцариялык авиакомпаниядан наркы 100 миллион долларлык Airbus ACJ320neo учагын сатып алганы көрсөтүлгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты