Навальныйдын штабынын кызматкери көп жыл ФСБга иштегенин мойнуна алды

  • 2 года мурун

Алексей Навальныйдын штабында иштеген Михаил Соколов Орусиядан кеткенге чейин узак жылдар бою Федералдык коопсуздук кызматында иштегенин мойнуна алды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.   

Азыр Нидерландыдагы качкындар лагеринде турган Соколов “Верстка” басылмасына маек берип, Навальныйдын штабы менен кызматташканга чейин эле (2016-жылы Удмуртияда ар түрдүү оппозициялык түзүмдөрдө активист болуп жүргөндө) атайын кызматтын өкүлдөрү менен байланышы болгонун айткан.

Анда Соколов 19 жашта болгон жана аскерде кызмат өтөөдөн качууга аракет жасаган. ФСБ ага кызматташууну сунуштаган. Мындан тышкары оппозиционерге айына 10 миң рубль төлөнгөн. Агент пландалган нааразылык акциялары, пикеттер тууралуу маалымат жеткирип турган.

Бир жылдан кийин Соколов Навальныйдын штабы менен байланышы бар Жарандардын укугун камсыздоо фондунун аткаруучу директору болгон. Активист ФСБга уюмдун каржы булактары жөнүндө маалымат берип турууга тийиш эле. Кийинчерээк фонддогу “уурдоо” учурларынын табылышы Навальныйдын узак мөөнөткө соттолушуна түрткү болгон алдамчылык ишинин бир бөлүгү катары каралган.

2021-жылы Алексей Навальныйдын штабы экстремисттик уюм деп таанылгандан кийин ФСБ Соколовду Грузияга кетирген. Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин ал Нидерландыга качып барганын, ал жактан башпаанек алууга аракет жасап жатканын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты