Нарындан Чүйгө баңги зат катылган жерге эжесин жиберген. Өзү шектүү катары кармалды
- 1 месяц мурун
Чүй облусунда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 28-мартында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Арашан айыл аймагында баңги зат табылганы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топ текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2008-жылы туулган Р.А. аттуу жарандан пакет табылып, анын ичиндеги психотроптук заттар 20 пакетчелерге бөлүнгөнү аныкталды. Алынган заттын жалпы салмагы, 35 граммды түздү.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 4-СМС (хлорметкатинон, клэфедрон) камтыйт жана психотроптук заттарга кирет.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда 2026-жылы 20-февралда Нарын шаарынын тургуну А.Т., өз үйүндө отуруп, Telegram аркылуу «Принцесса-Дури» интернет дүкөнүнөн тыюу салынган психотроптук затты 26 430 сомго сатып алгандыгы аныкталды. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин ага катылган жердин координаттары жана жайгашкан жери жөнөтүлгөн, ал Аламүдүн районунун Арашан айылында болгон.
28-февралда А.Т. сүйлөшкөн кызына шакек сатып алуу шылтоосу менен, өзүнүн эжеси Р.А.ны Бишкек шаарына барып келүүгө көндүргөн. Жолдо Арашан айылына токтоп кетүүнү суранган, чыныгы максатын айткан эмес. Р.А. көрсөтүлгөн жерге барганда укук коргоо органдары тарабынан кармалды.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылып жатат.
Сүрөт: Чүй ОИИБ




