Нарында жолду убагында бүтүрө албагандар камакка алынды
- 11 месяцев мурун
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурунда кетирилген мыйзам бузуулар үчүн ага жооптуу кызмат адамдары 31-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин Нарын облустук ички иштер башкармалыгыны кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу УКМК басма сөз билдирди.
Кармалгандардын арасында транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, “Бета групп” компаниясынын аткаруучу директору Мирлан Амантуров бар.
Алар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө оңдоодогу мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча козголгон иштин алкагында кармалып, Ат-Башы районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 31-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районун кыдыруу учурунда Нарын шаарынын Шералиев көчөсүн оңдогон «Бета групп» компаниясы жолду 15-августка чейин бүтүрөм дебеди беле? Бүгүн 31-август, дагы эле бүтө элек. Тезинен жетекчисин таап, камакка алгыла» деп билдирген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




