Нарын шаарында жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, кечээ, 16-мартта, саат 22:40та Нарын облусунда очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Таш-Булак айылынан түштүгүнөн 4 чакырым, Нарын шаарынан түштүк-батышынан 9, Жан-Булак айылынан түштүк чыгышынан 14 чакырым алыстыкта болгон.

Нарын шаарында, Таш-Булак айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми 15-мартта саат 13:18те очогу Кыргызстан менен Казакстан чектешкен жерде болгон жер титирөө катталган. Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынын түндүк-батышынан 2 чакырым, Чым-Коргон айылынын чыгышынан 7 чакырым, Орловка шаарынын түндүгүнөн 8, Кемин шаарынын түндүк-батышынан 9, Токмок шаарынын түштүк-чыгышынан 25 чакырым, Бишкек шаарынын чыгышынан 85 чакырым алыстыкта болгон.

Жер титирөө Жаңы-Алыш айылында 2,5 балл, Чым-Коргон айылында, Кемин шаарында 2,5 балл сезилген.

Сүрөт: Сейсмология институту         

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты