Нарын шаарында опузалоо жана тоноого шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) тарабынан опузалоо жана тоноо беренелери менен кылмыш иши козголгон М. С. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу ШИИБ башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү жаранга бир канча жаран чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.   
Атап айтсак, 1-сентябрда  Нарын шаарынын тургуну М.К. 2006-жылы туулган М.Н. аттуу инисин  “С”  деген жигит коркутуп, сабап, 35 миң миң сомун опузалап жатканын билдирген.

Аталган факт Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

1977-жылы туулган М.Г. дагы милицияга арыз менен кайрылып, анын 2006-жылы туулган  М.Н.  аттуу уулунун баасы 3000 сомдук барсеткасын “С”  деген бала 31-август күнү эч себепсиз уруп сабап, тартып алгандыгын билдирген.

Аталган фактылар кылмыштын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүмү (Тоноо) менен кылмыш иштери козголгон.

Шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.С. кармалган. Аны тинтүү учурунда жогорудагы 12 миң сом акча каражаты, өңү күрөң түстөгү барсеткасынан “Айфон XS”  үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана бычак табылып алынган.
Бүгүнкү күндө арыз ээлери шектүү М.С. уруп сабап коркуткандыгын билдиргендиктен. экспертиза дайындалган.

М.С. жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип, Нарын шаардык сотунун токтому менен эки айга камакка алынды. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты