Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды
- 3 года мурун
Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Канболот Тутуев буга чейин Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары кызматын аркалаган.
Нарын шаарынын мурдагы мэри Жаныш Курбанов 1-февралда өз эрки менен кызматтан кеткен.
Муну бөлүшүү