Нарын РИИБ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

  • 3 месяца мурун

9-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ИИМдин ички иликтөө кызматы менен бирге кызмат абалынан пайдаланып, алдамчылыкка шектелген Нарын райондук ички иштер ашкармалыгынын (РИИБ) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Н.Т. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, УКМК кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн  4-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп,  тергөө-ыкчам иш — чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызмат абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунун ИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты