Нарын облусунда очогунда күчү 4 баллдык жер титиреди

  • 1 год мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 28-ноябрда, саат 19:02де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты