Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 3 месяца мурун
Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 18-ноябрда саат 05:56да очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынын түштүк-батышынан 8 чакырым, Орто-Саз айылынын түштүк-батышынан 14 чакырым, Жан-Булак айылынын түштүк-чыгышынан 15 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөө Нарын облусунын Таш-Булак айылында — 4 балл, Орто-Саз айылында – 3 баллга жакын, Нарын шаарында – 3,5 балл, Жан-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык жабыркагандар жана бузулуулар катталган эмес.
Сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




