Нарын дайрасына экскаватор менен кирип кеткен киши изделүүдө

  • 10 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматына 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дайрасына кулап, шар сууга кирип кеткендигин билдирген.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Мындан улам Нарын шаардык жана райондук куткаруу кзматынан беш куткаруучу издеп чыгышкан. Буга кошумча Нарын райондук ичики иштер бөлүмүнөн жардамга келишкен.   

Бүгүн, 3-июлда, кайрадан таң эрте 19 куткаруучу Куланак айылына издөө иштерине чыгышты.

Ошондой эле суу чарба башкармалыгынан 25, ИИБден 5 адам жана жалпы 10 инженердик техника тартылды.

Cүрөт. ӨКМдин ФБ бракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты