Нарматова: Кыргыздын салтында аялы төрөп атканда күйөөсүн жанына киргизип койгон эмес

  • 2 года мурун

-Кечээ, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Надира Нарматова төрөт учурунда эркектердин аялдын жанына турушу келечекке коркунуч келтирерин билдирди.

-Кыргыздын салтында төрөт үйүндө аялы төрөп атканда эркекти жанына киргизип койгон эмес.  Бул америкалык ыкма, кайра тескерисинче кырсыктатат, бул турмуштун ачуу чындыгы, мен аял киши катары айтып коеюн.

Ошондуктан толгооосу бышпай, аялдарыбыздын 60-70 пайызы “кесарево” менен төрөп, 1-2 баладан ашык төрөй албай калып жатат. Бул деген өтө коркунучтуу нерсе, бул кыргыздын келечегине коркунуч келтирет .Ошондуктан мен сиздерден суранам, системалуу түрдө реформа жасаңыздар, -деди Надира Нарматова.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты