Наристеге кол салууга айыпталып, иши тергөөдө

Бул материалда 4 жаштагы өгөй кызына сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталып, иши тергелип жаткан жаран жана андан качып жүргөн үй-бүлөнүн абалы баяндалат.

Күйөөсү каза болуп калып эки баласы менен ата-энесинин үйүнө келген Айнагүлдүн (аты өзгөртүлдү) төркүнүнө батышы кыйын болуп, аз өтпөй экинчи күйөөгө чыккан. Аны менен бир жылдай жашап, кыздуу болгондо “иштеп келем” деп Россияга кеткен бойдон дайынсыз кетти.

Чиедей үч бала менен калган келин өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп оокат кылып жатканда  ошол жакка жакын жерде иштеген бирөө айланчыктап, анда- санда келип-кетип жүрүп, акыры биротоло кирип жашап алган. “Канча болсо да эркек эмеспи, балдарга каралашаар” деп ойлогон келин аны кадимки күйөөсүндөй эле багып, кир- когун жууп калган.

Бара-бара “өнөрү“ чыгып, балдарды кагып-силкип, коркутуп, анысын “ тарбиялаш керек” деп түшүндүргөн “ата” азыркы күндө  тергөө органдарына сурак берип жаткан кези.

“Ал түнкү күзөттө иштечү. Бир күнү мен адаттагыдай эле жумушка ала кетчү тамагын даярдап,   салып берейин деп ашкана жакта жүрүп “тарс” этип чыны сынганын, балдардын ыйлаган үндөрүн уктум. Бөлмөгө келсем, балдар бопбоз болуп корккондой,  бурчка тыгылып отурушуптур.

“Чыныны сындырышты, карабайсыңбы, мобуларыңды!” деп мага бакырып,”Эчтеке болгон жок ээ?” деп балдарды акшыя карап, чыгып кетти. Балдарым ошол бойдон тамак ичпей. кызым эки чатынын ортосун колу менен басып чыңырып ыйлап калды…”

Төрт жашар кызга кол салган зөөкүрдүн иши боюнча азыркы учурда тергөө иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза наристе кыздын жыныс органында жарака бар экенин аныктады. Ал «арызыңды кайра ал “ деп жабырлануучунун тынчын алып, жан талашып жатат.

Бул кылмыштуу иш “Сезим” кризистик борборунун  жана “Балдардын укугун коргоочулардын Лигасы» коомдук уюмунун туруктуу көзөмөлүндө турат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты