Айтматов районунун мамлекеттик администрация кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 3 месяца мурун

Талас облусунун Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан райондук мамлекеттик администрациясында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган администрациянын кызмат адамдары 2017-жылдан баштап 2025-жылдын январына чейинки мезгил ичинде райондук ардагерлер кеңешинин кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 620 миң 880 сомдук акча каражатты мыйзамсыз которуп, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, мамлекеттик бюджетке зыян келтиришкендиги аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 210-беренеси, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу жана 379-беренеси, документтердин жасалмалоо менен кылмыш иш козголду

Кылмыш иши Айтматов райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) тергөө кызматына тапшырылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты