Наристе балдар кызамык жана кызылча дарты менен көп ооруп жатышат

  • 6 месяцев мурун

Республикалык иммундук алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар.

Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (989 адам), Ош шаарында (321 ), Ош облусунда (683 ), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам), Ысык-Көлдө — 68, Баткенде 94, Таласта 92, Нарында 26 учур катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул дарт орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, ошондой эле эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда. 

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган.

Ушуга байланыштуу кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында уланууда, бул вирус эң активдүү тараган аймактарда Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунда кызамык оорунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык оорусуна каршы, уюшкан топтордогу балдарды кызамык менен кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмделүүдө. 

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76% түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты